Орусиянын тергөө комитетинин маалымдашынча, алардын алтоо Санкт-Петербург шаарында, экөө Москвада кармалды. Аталган комитет кармалгандардын үйүн тинтүүдө 3-апрелде "Площадь восстания" метросунун станциясынан табылган бомбага окшош жардыргыч зат табылды деп бекемдөөдө. Бирок кармалгандардын жардырууга кандай тиешеси бар экени айтылган жок.
6-апрелде Петербург шаарында турак үйдөн жардыргыч зат табылып, зыянсыздандырылганы кабарланган.
3-апрелде 14 кишинин өмүрүн алып, элүүдөн ашуун адамды жарадар кылган жардырууну теги кыргызстандык орус жараны Акбаржон Жалилов жасаганы расмий айтылган. Азырынча бул жардырууну эч бир топ мойнуна ала элек.(ZKo)