Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Айылдаштары: Акбаржон жоош бала болчу


Акбаржон Жалиловдун ВКонтакте социалдык тамагындагы сүрөтү.
Акбаржон Жалиловдун ВКонтакте социалдык тамагындагы сүрөтү.

Петербургдагы жардырууга айыпталып жаткан Акбаржон Жалиловду туугандары кичи пейил жана жоош деп мүнөздөсө, мектептеги мугалимдери аны катуу сөз укса, дароо ыйлап жиберген жүүнү бош бала эле деп сүрөттөшөт.

Акбаржон Жалиловдун ата-энеси жашаган үйдүн дарбазасы Санкт-Петербургда жардыруу болгон күндөн бери кулпуланып турат. Анткени анын жакын туугандары Кыргызстандын жана Орусиянын коопсуздук кызматтарына сурак берүүдөн колдору бошой элек. Акбардын апасы менен иниси туруктуу жашаган үйдүн короосундагы бакча эч нерседен бейкапар гүлдөп турат.

Оштун Он-Адыр айылына караган Калинин жамаатындагы комитет төрагасы Анваржон Дадажановдун айтымында, Жалиловдордун үй-бүлөсү башкалардан эч айырмаланбаган кадимки мигранттын үй-бүлөсү:

- Бул үйдө Одинахон Жалилова аттуу аял бир уулу менен жашайт. Улуу кызы турмушка чыгып кеткен. Акбаржон Одинахондун экинчи перзенти. Ал атасы экөө Орусия жараны, алар анда-санда гана келип турушат. Кадимки мигранттын үй-бүлөсү.

Анваржон Дадажанов.
Анваржон Дадажанов.

Акбаржон Жалилов Оштогу Токтогул атындагы орто мектепте 8-класска чейин гана окуган. Андан кийин окуусун башка мектепте уланткан-улантпагандыгы белгисиз. Аны 5-класстан 8-класска чейин өзбек тили сабагынан окуткан мугалими Фатима Кадырахунова Акбар жүүнү бош бала экенин эстеди:

- Акбар өтө жакшы же өтө начар окуган эмес. Мүнөзү абдан жумшак эле. Сабакка келбей калганда же кечигип келгенде кичине эле катуурак урушуп койсоң, ыйлап жиберчү. Аябай көңүлү назик эле. Информатика жана орус тили сабагынан “4” алчу.

Фатима Кадырахунова.
Фатима Кадырахунова.

Акбардын жеңелеринин айтымында, ал 2009-жылы эле Орусияга кетиптир. Демек ал акыркы сегиз жылдан бери Орусияда туруктуу жашаган. Жеңелери аны акыркы жолу мындан үч жыл мурун кайсы бир тойдо көргөнүн эскеришүүдө. Акбардын жеңеси Дилабзо болсо, аны орус армиясында кызмат өтөгөн Орусиянын жараны деп атады.

- Ал Ош окуясына чейин эле Орусияда болчу. Орус армиясында кызмат кылып жатат деп укканбыз. Орус паспортун алган.

Петербург: терактка шектүүнүн аты расмий жарыяланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

22 жаштагы Акбаржон Жалилов үч бир тууган. Бир эжеси жана бир иниси бар. Эжеси турмушка чыгып кеткен. Кошуналарынын айтымында, алардын Он-Адырдагы үйүндө Акбардын апасы Одинахон Жалилова 17 жаштагы кичүү уулу экөө туруктуу жашайт. Акбардын атасы Акрам Жалилов Оштогу үйүнө анда-санда гана келип турчу экен.

Орусиянын Федералдык иликтөө комитети 4-апрелде Санкт-Петербург метросунда бомба жардырды деп шектелген адамды 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп атаган. Маалыматтарда ал өзүн жардырып жиберген.

Анын бир туугандары, ата-энеси жана атасынын бир туугандары да Орусиянын жана Кыргызстандын коопсуздук кызматына сурак берүүдө.​

Жалиловдун ата-энеси 5-апрелге караган түнү Орусияга жөнөп кетишкени маалым болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын туугандары билдиришти. Алардын айтымында, шектүүнүн атасы Орусиянын жараны болгондуктан, Москванын чакыруусу менен кетишкен.

"Акбаржон ашканада иштечү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG