Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 04:13

Орусия АКШ менен Сирия боюнча келишимин токтотту


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров

Орусия АКШнын Сириядагы аба соккуларына жооп кылып, Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө аба кагылышуулардын алдын алууну көздөгөн орус-америка келишимин токтотуп жатканын билдирди.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 7-апрелдеги билдирүүсүндө кабарлап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин тез арада кырдаалды талкуулоого чакырды.

Идлиб провинциясындагы соңку химиялык чабуулдар үчүн президент Башар Асадды күнөөлөгөн АКШ жумага оогон түнү Сирия өкмөтүнүн аба базасына ракетадан сокку урган. Орусия АКШны химиялык чабуулду Сириядагы аскердик иш-аракетине шылтоо катары колдонду деп айыптады.

АКШ расмийлери химиялык чабуулдун артында Сириянын өкмөтү турарын билдирип, Орусияны президент Асад менен мамилесин карап чыгууга үндөгөн. Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонушпаганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG