Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:01

Социалдык тармактарда журналист Жанболат Мамайды бошотууну талап кылган #MamayFest акциясы жүрүүдө. Ага казакстандык укук коргоочулар, жарандык активисттер, журналисттер жана оппозициялык саясатчылар катышууда. Мындан тышкары айрым карапайым жарандар да кошулганын "Азаттык" радиосунун казак кызматы жазып чыкты.

Оппозициялык "Трибуна" гезитинин 28 жаштагы редактору Жанболат Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарынын тергөө абагында отурат. Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок экөө тең бул айыпты четке кагып, аны кармоо максаты саясий өңүттө экенин билдирип келишет.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин Казакстан бийлигин Мамайды токтоосуз бошотууга чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG