Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:19

Чоң жети Орусияны Асадды колдобоого мажбурлайт


Чоң жетинин жыйыны. Италия. 11-апрель

Италияда Чоң жетинин тышкы иштер министрлеринин саммити өтүүдө. Аларга 11-апрелде Сирия боюнча өнөктөштөрү, тагыраагы Асаддын режимине каршы Түркия, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания жана Катардын тышкы иштер министрлери кошулду.

Саммит жүрүшүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушуудан кийин британ тышкы иштер министри Борис Жонсон:

- Кошмо Штаттары айрым кошумча санкцияларды өз алдынча киргизди. Биз Сириянын аскердик аракеттерин координациялоого катышкан айрым сириялык жана орусиялык аскер адамдарына андан ары да санкция салууну талкуулайбыз,- деди.

Буга кошумча Орусияны Сирия президенти Башар Асадды колдоодон баш тарттыруу аракеттери боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Өткөн жумада Сириянын Хан-Шейхун аймагындагы 80ден ашуун адамдын өмүрүн алган химиялык чабуул ал аракеттерди тездетти. Бул чабуулга Батыш Асадды жана аны колдогон Кремлди айыптаган. Дамаск менен Москва уулуу газдан адамдардын ууланышына тиешеси жоктугун, уу алар бомбалаган учурда куралдуу оппозициянын кампасынан чыгышы мүмкүндүгүн билдирип келет.

Чоң жетиге чогулгандар жыйындан кийин Москвага бара турган Рекс Тиллерсонго Орусияга "так жана макулдашылган билдирүү" жөнөтүүсү керектигин айтышууда. Тиллерсон 12-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG