Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу өлкө макамы берилди


Игорь Додон
Игорь Додон

Молдова Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу өлкө макамын алды. Бул тууралуу бүгүн ЕАЭБдин Жогорку Евразиялык кеңешинин Бишкектеги жыйынында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев айтты.

Президенттердин жабык жолугушуусунан кийин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары ушундай чечимге келди.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда.

Өз сөзүндө Додон Молдованын Европа биримдиги менен да келишими бар экенин, бирок ошол эле учурда өлкө ЕАЭБ менен кызматташтыкты уланта берерин айтты жана "Бул эл аралык партнерлерго да, бизге да жакшы сигнал болду. Жакшы максаттарыбыз бар, кийинки интеграциялык баскычтарга барууга даярбыз" деди. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG