Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

Бүгүн Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат


Президент Режеп Тайып Эрдоган добуш берүү учурунда.
Президент Режеп Тайып Эрдоган добуш берүү учурунда.

Шайлоочулардын көпчүлүгү макулдугун берсе, Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкаруудагы өлкөгө айланат. Президент Режеп Тайып Эрдоган өзү да жарандарды сунушталган реформаны колдоп берүүгө чакырган. Соңку сурамжылоо Эрдоганды колдогондор көп экенин көрсөткөн. Президенттин оппоненттери Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин авторитардык режимге карай жасалган кадам деп белгилеп жатышат.

Жалпы жонунан 18 өзгөртүү сунушталган. Анын ичинде премьер-министрдин кызматын жоюп, вице-президент кызматы киргизүү, парламенттеги депутаттардын санын кыскартуу, сот системасын өзгөртүү да бар. Эрдогандын командасы сунуштаган Конституция колдоо тапса, президент министрлерди өзү дайындап, өлкө бюджетин, жогорку сотко талапкерлердин басымдуу бөлүгүн сунуштап, мыйзам макамына ылайык жарлык чыгара алат. Президент өзгөчө кырдаал жарыялап, парламентти тарата алат. Ошондой эле президенттин мөөнөтүн беш жылга чейин узартып, бийликте катары менен эки мөөнөт калууга мүмкүнчүлүк берет.

2016-жылы жайындагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 40 миң киши камалып, 120 миңи кызматтан алынган. Батыш өлкөлөрү бул үчүн Эрдоганды сындап келишет. Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттик башкарууга өтүү демилгеси ошондон кийин күчөгөн. (КЕ)

Түркия референдумда эмнеге добуш берет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

XS
SM
MD
LG