Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Пенс: Түндүк Корея Трамптын чыдамын сынабасын


Майк Пенс.
Майк Пенс.

АКШ вице-президенти Майк Пенс Түндүк Кореяга президент Трамптын чыдамын сынабоону эскертти.

Пенс 17-апрелде билдиргендей, Вашингтон маселени тынч чечүүнү каалайт. Пхеньяндын өзөктүк жана ракеталык программасын тизгиндөөнүн бардык варианттары каралууда.

Пенстин Чыгыш Азияга 10 күндүк сапары Түндүк Кореянын мыйзамсыз ракеталык программасы жана сыноолорунан улам аймактагы кырдаал абдан чыңалган учурга туш келди. Мурдараак президент Дональд Трамп Кошмо Штаттардын армада деп атаган аскер кемелерин Корей жарым аралын көздөй жөнөткөн.

Пхеньян буга жооп иретинде АКШ кааласа, согушка даярдыгын билдирген эле. Ошондой эле жекшембиге оогон түнү, мурдагы лидери Ким Ир Сендин 105 жылдыгынын урматына ракета аткан. Бирок ал атылгандан аз өтпөй жарылып кетип, максатына жетпегени кабарланды. АКШ Ак үйүндөгүлөр мындай ийгиликсиздикке реакция болбосун ишара кылышкан.

Бул тапта Трамп Кытай Түндүк Корея маселеси боюнча АКШ менен иштешип жатат деп билдирди. Пхеньяндын негизги соода-экономикалык өнөктөшү эсептелген Кытай коңшусунун өзөктүк дараметин чарбалык санкциялар менен ооздуктай алары айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG