Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Британия: Асаддын аялын жарандыктан чыгаруу сунушталды


Сириянын президенти аялы менен
Сириянын президенти аялы менен

Британиялык депутаттар Сирия президенти Башар Асаддын аялын британ жарандыгынан ажыратууга чакырашууда. Алар өлкөдөгү алты жылдык согушка президент Асадды күнөөлөшүп, жогорудагы сунуш бул үчүн көрүлчү чаралардын бири дешет.

"Тышкы иштер министри Борис Жонсон башка өлкөлөрдү Сирия үчүн көп иш кылууга чакырууда. Бирок британ өкмөтү Асма Асадга же варвардык аракеттерди коргоону токтотуңуз, же жарандыгыңыздан айрыласыз деши керек эле" деп айтты демилгечилердин бири либерал-демократ Том Брэйк.

Аны колдогон Консервативдик партиянын мүчөсү Надим Захави Сириянын биринчи айымын "согуштук кылмыштарды жасаган режимде маанилүү пропагандалык ролду ойнойт" дейт.

41 жаштагы Асма Асад Лондондо сириялыктардын үй-бүлөсүндө туулган. 2000-жылы Башар Асадга турмушка чыккан. Асма Асад интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында күйөөсү башкарган режимдин сынчыларына каршы пикирин билдирип келет.
Саясатчылар бул боюнча Тышкы иштер министрлигине атайын кат да жазмай болууда. Ошол эле учурда министрлик жарандыкты тартып алууга укугу барбы деген талаш жаралууда.

XS
SM
MD
LG