Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кармалган адам жер бөлүп берүүнү талап кылып митингге чыкканы үчүн эмес, алдамчылыкка шектелип кармалганын “Азаттыкка” билдирди.
- Дача СУнун митингге чыккан тургундарына эч ким тыюу салган жок. Биздин кызматкерлер башка маселе менен барса кармалган адамдын жакындары ызы-чуу чыгарышыптыр. Үч күн мурда алдамчылыкка шектелип Дача СУнун тургуну кармалган. Анын үстүнөн кылмыш иши козголгон экен. Анын митингдерге же авиакырсыкка тиешеси жок. Ал учурда камакта. Анын туугандары бошоткула деп талап кылып атат.
Бүгүн социалдык тармактарда авиакырсыктан кийин жер бөлүп берүүнү, жабыркагандарга кенемте төлөп берүүнү талап кылган айылдын айрым тургундарын, активисттерин күч органдары кармап кеткенин жазышкан.
16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы кулаган. Апааттан 39 кишинин өмүрү кыйылып, 20дай үй зыян тарткан. Ошондон бери тургундар конушту башка жерге көчүрүүнү бийликтен талап кылып келатышат. (КЕ)