Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

АФК-2017: "Дордой" -“Алтын Асыр” 0:2


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" футболдук клубу менен Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу Азиянын футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында беттеши аяктады. Эки гол киргизип, “Алтын Асыр” оюндун жеңүүчүсү болду.

Ушул эле күнү тажик борбору Дүйшөмбү шаарында "Истиклол" менен "Алайдын" оюнчулары таймашып 3:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти. Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Алтын Асыр", Тажикстандын "Истиклол" клубдары менен бирге АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндарында D тобуна бөлүнүшкөн.

Үчүнчү турдагы оюндардан кийин "Алтын Асыр" менен Истиклол жети упай менен алдыңкы катарда келе жатат. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү катарда. "Алай" клубунда азырынча упай жок. Биринчи турдагы оюнда "Алай" "Алтын Асырга" 1:2 эсебинде утулган. "Истиклол" "Дордойду" 2:0 эсебинде жеңген. Экинчи турда "Дордой" "Алай" клубун 1:0 эсебинде жеңген. "Алтын Асыр" "Истиклол" таймашы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат.(ECh/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG