Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, азыр Бишкектеги Ак үй алдында 50дөй адам турат. Нааразылык акцияга жарандык активисттер, камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары, Бишкектеги Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлдөрү катышууда. Алар Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз камалганын айтышып, аны бошотууну талап кылышууда.

Митингде "бийликти күч менен басып алууга аркеттенген" деген негизде соттолгон камактагы оппозициячыларды бошотуу талабы да айтылды.

Милиция сот 25-апрелге чейин Бишкектеги Горький гүлбагынан башка жакта митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти. Бирок чогулгандардын акциясы уланып, ага тартип сакчылары көз салып турат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты "саясий куугунтук" деп баалап жатат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айткан. Өздөрү жана жергиликтүү жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келет. Соттолгон төртөөнөн тышкары Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов да жогоркудай кине менен камакта отурушат. Алардын соту аяктай элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG