Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Парламентте ЖМК боюнча мыйзам үчүнчү окууда өттү


Парламенттин бүгүнкү жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" (ЖМК) мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Жыйынга катышкан 105 депутаттын 104ү "макул", бирөө "каршы" добуш беришти. Долбоор 15-мартта экинчи окуудан өткөн.

Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөөгө мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук тараптар, Кыргызстандын жарандары гана укуктуу экени жазылган.

Мыйзам долбоору алгач сунушталганда "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек" деген чектөө киргизилген. Кийинчерээк мындай чектөө алып салынып, медиа уюмдун "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган.

Мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган. Демилгечилер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканалдарга багытталганын, гезит жана радиолорго, эл аралык радиолорго тиешеси жоктугун билдиришкен. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG