Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Айдоочулар: наныбызды тарттырдык


Ошто Кытайга каттаган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана соодагерлер нааразылыгын билдиришүүдө.

Соодагерлер Кытай визасын алалбай товарсыз калып, насыяларын төлөй албай жатканын айтса, айдоочулар кыргыз-кытай мамилесинен пайда болбой жатат деп нааразы.

Иса Сулайманов кыргыз-кытай чек арасы ачылгандан бери эки өлкө ортосунда жүк ташуу менен алектенет.

- Кытай элчилиги кыргызстандык айдоочуларга виза берүү тартибин ашыкча машакатка айландырышты. "Сүрөтүң кыйшык экен" дейт, паспортуң жаңы болсо эски паспорттун көчүрмөсүн таап кел дейт. Алар кыргызстандык айдоочуларды Кытайга киргизбей, жүктү кытай жарандары гана ташысын деген максат менен иштеп жатышат. Биздин чиновниктер өз жарандарынын укугун коргоп таламын талашпай, биз жеп жаткан нанды кытайларга, түркиялыктарга алып берип отурушат.

Иса Сулайманов Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар ташуу тартиби эч качан азыркыдай татаалдашпаганын ырастайт.

- Бакиев учурундагы келишим боюнча кыргызстандык айдоочулар Кашкарга чейин кире алышчу. Азыр Улуу-Чаттан бир метр да нары өткөрбөй жатышат. Кытайдын машинелерине Ошко чейин жазылган. Алар Оштогу терминалга келип, жүктү түшүрүп кайра артка кайтыш керек эле. Азыр Кытайдын КАМАЗдары Кыргызстанды аралап, бул жагы Тажикстанга, Ала-Бука, Иштамбердиге чейин кыдырып жүрүшөт. Кыргызстандык шоопурлар таба турган нан ушинтип уурдалып жатат. Эч качан мындай болгон эмес.

Айдоочулар Кытайда кыйналууда

Айдоочулар Кытайда кыйналууда

Кыргызстандык отуз айдоочу унаасы менен Кытайда төрт күндөн бери камалып жатат. Буга байланыштуу Оштогу оор жүк ташуучу айдоочулар бирикмеси нааразылык жыйынга чогулушту.

Буга чейин кытай өкмөтү кыргызстандык оор жүк ташуучу автоунаалардын үстү темир сандык менен жабылышын талап кылып, жөнөкөй тент менен жабылган унааларды Кытайга киргизбей койгон эле. Транспорт министрлиги Кылычбек Досумбетов ал маселе чечилгенин айтат.

- Акыркы сүйлөшүүдө темир сандык маселеси чечилген. Аны да эки айга эле деген имиш чыгарып жатышыптыр. Андай эмес. Ал маселе биротоло чечилди. Эч кандай көйгөй жок. Азыр биздин айдоочуларда ашыкча жүк болсо аны кезекке тургузуп, башка машинеге жүктөтүп жатышат. Биздин айдоочулар ушуга нааразы болушуп, ызы-чуу чыгарып жатышат.

Бирок Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар ташуу менен алектенген дагы бир ишкер Мырзамат Чынгараев Кыргызстандын Транспорт министрлиги Кытай менен мамилелешүүдө чабалдык кылып жатканын белгилейт.

- Кытай бийлиги коопсуздук деген шылтоо менен визаны бербей коюшту. Ошол эле шылтоо менен биздин айдоочуларды Кашкарга киргизбей койду. Улуу-Чатка чейин гана кирүүгө уруксат беришкен. Бирок Улуу-Чатта жүк жок да. Ортодо биздин айдоочулар жүксүз калышты. Кытайлык КАМАЗдар биз ташый турган жүктү көз алдыбызда зуулдатып ташып жатышат. Кытай өкмөтү өз жарандарынын акча табуусуна бардык шарттарды түзүүдө. Биздин чиновниктер аракетсиз эле отурушат. Мындай болсо Акаев маалындагыдай Кытайдын бир дагы КАМАЗы Кыргызстанга кирбей тургандай кылышыбыз керек. Кытай өкмөтү биз менен ошондо эсептешет.

Бишкектеги Кытай элчилиги.
Бишкектеги Кытай элчилиги.

Бул арада Кытайдан товар алып келип Кара-Суу базарында сатууга көнгөн соодагерлер дагы топтолуп, кыргыз бийликтерине бир топ нааразылыктарын айтып чыгышты. Алардын бири Анара Абдывапова кытай тарап виза берүү тартибин татаалдаштыргандан бери кыргызстандык соодагерлер Кытайга кире албай калышканын билдиришти.

- Биз виза берүүчү жайларга тынбай эле кайрылып жатабыз. "Мына ачылат, ана ачылат, бешинде, онунда" деген эле жооптор. Ошол эле учурда Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жарандарына виза берилип эле жатат. Биздин товарыбыз түгөндү. Жаңы товарды телефон аркылуу буюртма менен алдыруу кооптуу. Анткени алар таштандысын таңгактап деле салып коюшат. Андай учурлар баштан өткөн. Биз Кытайга кире албай, банктан алган насыябызды төлөй албай жатабыз. Бийлик муну чечип бере албаса, банктардагы насыяларды төлөө мөөнөтүн токтото турушсун. Кытайды кошунадай мамиле кылууга ынандыруу керек да.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын виза берүү тартибинин татаалдашканын Кытай элчилигиндеги жардырууга байланыштуу деп түшүндүрүшүүдө.

Оор жүк ташуучулар бирикмесинин билдиргенине караганда, учурда Кытайдын Улуу-Чат аймагында 200дөй оор жүк ташуучу унаа чектелген визанын айынан Кашкарга кире албай, жүктүн жоктугунан артка да кайта албай арасат жолдо жатат.

Калган айдоочулардын көбү Кытай визасын алалбай абалдын жөнгө салынышын күтүп, ишсиз жатышат. Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган эки миңдей автоунаа бар.

Айдоочулар: Кытайдан жүк ташуу кыйындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG