Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 03:48

Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун бүгүнкү чечими менен мурдагы депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы аныкталды. Ага ылайык, Жапаров 28-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.

Экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Биринчи май райондук соту ал кармалгандан кийин тергөө бүткөнгө чейин камакка алынсын деген чечим чыгарган.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар. Жакындары Жапаров жана аны колдоп митингге чыккандар негизсиз кармалганын айтышып, бошотуу талабы менен акция өткөрүп келишет. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG