Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Гулбеддин Хекматияр талиптерди ок атууну токтотууга чакырды


Ооганстанда таасирдүү талаа командирлеринин бири Гулбеддин Хекматияр талиптерди ок атууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды. Хекматияр өлкөдө согушту маанисиз жана максатсыз аракет деп атап, Ооганстанды эркин жана көз карандысыз мусулман өлкөсү катары көргүсү келерин билдирди.

Мындай кайрылуу менен ал 29-апрелде Лагман провинциясында ооган саясатчылары жана өз тарапкерлери менен жолугушууда чыкты.

Гулбеддин Хекматияр акыркы жыйырма жылдан бери коомчулукка ачык кайрылуу менен чыга элек болчу. "Хезб-э Ислами" партиясынын негиздөөчүсү былтыр сентябрь айында ооган өкмөтү менен тынчтык келишимине кол койгон.

Ага ылайык, Хекматияр куралын таштаса, өкмөт анын абактагы тарапкерлерин эркиндикке чыгарууга макул болгон.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Хекматиярга карата санкцияларды жокко чыгарып, өлкөгө кайтып келишине уруксат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG