Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:13

Жогорку Сот Кыргызстанда камакта жаткан Ирак жарандарынын ишин карайт


Иллюстрация

"Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен бир жарым жылдан бери Кыргызстанда камакта жаткан ирактык төрт жарандын доо арызын Жогорку Сот бүгүн, 2-майда карайт. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунан кабарлашты.

Ирактын төрт жараны 2016-жылдын октябрында Түркия-Кыргызстан-Орусия-Германия багыты аркылуу немис жергесине кетип жатканда Ош аэропортунан кармалышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш ишин козгоп, Ош шаардык соту аларга 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Мамлекеттик айыптоочулар бул чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылышкан жана алар төрт жарым-беш жылга абакка кесилишкен. Азыр ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми 76 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында жатат.

Алардын Германияда жашаган жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, туугандарын бошотуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүүнү суранууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG