Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:02

Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркагандарга каражат чогултулуп жатат. Аны Улуттук Кызыл жарым ай коому менен Демилгелүү жаштар клубу уюштурууда. Азык-түлүк, акчалай жардам жана кийим-кече берип көмөктөшүүнү каалагандар 8-майга чейин Кызыл жарым ай коомунун Ош шаарындагы кеңсесине кайрылса болот. Кеңсе "Ош нуру" мейманканасынын маңдайында жайгашкан. Андан тышкары, "Элсомдон" эсеп ачылган. Номуру 0558 08 05 57.

Жардам берүүнү каалагандар 0778 81 92 18 телефон номуруна чалса болот.

29-апрелде Оштун Өзгөн районуна караштуу Аюу кыштагында жер көчүп, 24 адамды жана бир канча турак жайды басып калган. Ошондой эле Жалпак-Таш айыл аймагында үйлөрдү жексен кылган.

Үйүн көчкү баскан жана кооптуу аймактан убактылуу көчкөн жашоочуларга өкмөт тарабынан 118 чатыр тигилген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG