Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

Ысык-Көл: тайгак жолдогу кырсыктан адам өмүрү кыйылды


Ысык-Көлдөгү калың кар жана жол кырсыгы. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.
Ысык-Көлдөгү калың кар жана жол кырсыгы. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагында тайгак жолдогу автокырсыктан бир киши каза тапты. Кечээ ГАЗ-66 автоунаасы менен кыштоого чөп алып баратып, эки адам жол кырсыгына кабылган, алардын бири мерт кетип, экинчиси оор жаракат алган. Каза болгон адамдын сөөгү өлүкканага, жабыркаган киши ооруканага жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 30-апрелге караган түнү Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарындагы кыштоолордо бир метрге жеткен кар жааган. Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна кеткен жолдо кар күрткүлөрү пайда болгон.

Жолдун бир тарабы ачык, бирок машинелердин жүрүүсүнө, кыштоодогу малчыларга чөп жеткирүү кыйынчылык туудурууда. Калың кардан улам тоют түгөнүп, 29 кой, эки уй өлгөн. Тоодон кар көчкү түшүп, беш жылкыны басып калганы кабарланууда. Азыр жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Быйыл Кыргызстанда тоолуу аймактарда кар оор түшүп, көп түйшүк жаратты. Жаздын келиши менен жер көчкү, суу ташкын, сел коркунучу күч алды. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG