Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 5-май күнү Бишкектин жогору жагындагы “Ала-Арча” жаратылыш паркында таш кулап, 20 жаштагы кыз каза болду. Ал Медициналык академиянын 3-курсунун студенти болгон.
Окуяга күбө болгондор таш кулагандан кийин кыздын баса албай калганын, тоодо мобилдик байланыш болбогондуктан парктын нөөмөтчүлөрүнө түшүп кабарлашканын айтышкан. Куткаруучулар барганда кыз эс-учун жоготуп жаткан жана ал Тез жардамга өткөрүлүп берилген. (КЕ)
Facebook шеринеси