Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

АКШ Конгресси Sputnik агенттигин каттоодон баш тартты


АКШ конгрессинин маалымат каражаттарды аккредитациялаган пресс-галереясы орусиялык Sputnik маалымат агенттигин каттоодон баш тартты.

Пресс-галереянын башчысы Жастин Уилсон кайсы бир мамлекеттин колдоосун алган ММКларга аккредитация берилбей турганын маалымдады. Бирок ал Sputnik пресс-галереянын чечими боюнча арызданса болорун кошумчалады. Аталган агенттиктин журналисти Эндрю Файнберг бул чечимди “абсурд” деп атап, аны жокко чыгаруу боюнча аракет жасарын белгилеген.

Sputnik Орусиянын мамлекеттик “Орусия бүгүн” медиатобунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал чет өлкөдөгү маалыматтарды чагылдырат. Буга чейин АКШнын жетектөөчү кызматкерлери Sputnikти башка өлкөлөрдүн саясий процесстерине кийлигишип, орус пропагандасын жүргүзүүдө деп айыптаган. Февраль айында Францияда президентикке талапкер Эммануэл Макрондун өкүлү дагы ушундай дооматты айткан болчу. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG