9-майда Түштүк Кореяда кезексиз президенттик шайлоо өтүүдө. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, либерал-демократ Мун Чжэ Ин 40% ашуун добуш алып, атаандаштарынан кыйла алдыда.
Президенттик үчүн 13 талапкер ат салышууда. Эл буга чейинки шайлоолорго караганда активдүү катышууда.
Коррупциялык ишмердигине байланыштуу Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, учурда сот жообуна тартылып жатат.
Кезексиз шайлоо өлкө экономикалык кыйынчылыктарга туш келип, коңшу Түндүк Корея менен чыңалуу кайра курчуп турган кезде өтүүдө.
Мун Чжэ Ин Түндүк Корея маселесине салкын кандуу мамиле кылууга чакырып, АКШнын ракетага каршы коргонуу системасы боюнча келишимди кайра карап чыгарын билдирген. Система Түндүк Кореянын ракета чабуулунан коргонуу үчүн жакында эле Түштүк Кореяга жайгаштырылган.