Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Түштүк Корея: Мун Чжэ Ин жеңишин майрамдоодо


Мун Чжэ Ин.
Мун Чжэ Ин.

Түштүк Кореяда 9-майда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда, либерал-демократ Мун Чжэ Ин чоң айырма менен алдыда. Мурдараак экзитпол сурамжылоосу ал добуштардын 41,4 % аларын көрсөткөн.

Расмий жыйынтык 10-майда чыгат. Ага карабастан Чжэ Ин Сеулдагы башкы аянтта жактоочуларынын алдына келип, "бүткүл түштүккореялыктардын президенти" болууга убада берди.

Ал эми анын негизги атаандашы, 23% добуш алары күтүлгөн Хун Жун Пе экзитпол жыйынтыгы туура чыкса, утулганын мойнуна аларын жарыялаган.

Үчүнчү орунду алды делген талапкер Ан Чеол Су да элдин тандоосун сыйларын айтты.

Коррупциялык ишмердигине байланыштуу Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, учурда сот жообуна тартылып жатат.

Кезексиз шайлоо өлкө экономикалык кыйынчылыктарга туш келип, коңшу Түндүк Корея менен чыңалуу кайра курчуп турган кезде өтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG