9-майда Армения, Азербайжан жана Молдованын ырчылары Евровидениенин финалына чыгышты.
Экинчи жарым финал 11-майда өтүп, ага Беларус, Македония жана Сербиянын ырчылары катышат.
Буга чейин Австралия, Бельгия, Кипр, Греция, Польша, Португалия жана Швеция жарым финалдан суурулган.
Сынакты өткөрүп жатканы үчүн Украина, Европа көрсөтүү биримдигин каржылаганы үчүн Франция, Британия, Германия, Италия жана Испания автоматтык түрдө финалга чыгышат.
Киев Орусия ырчысы Юлия Самойлованы конкурска катыштыруудан баш тарткан. Ага ырчынын Крымда ырдаганы үчүн Украина аймагына кирүүгө тыюу салганы негиз болгон.
Евровидениенин финалы 13-майда Киевде өтөт.