Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Түркия АКШнын күрттөрдү куралдандыруусун сындады


Нуреттин Жаникли
Нуреттин Жаникли

АКШнын күрт жоочуларын куралдандыруу чечими "ылайыксыз", мындай саясат "эч кимге пайдасыз" деп Түркия эскертти.

"Биз түрк мамлекетинин келечегине коркунуч туудурган террордук уюмдардын катышуусуна макул боло албайбыз", деди 10-майда түрк вице-премьер-министри Нуреттин Жаникли Haber телеканалына берген маегинде.

Андан мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкөн "Сирия демократиялык күчтөрүнүн" күрт аскерлерине курал-жарак жеткирүү планын колдогону кабарланган.

Мындай жол менен Ракка шаарын ээлеп алган жихадчыларга каршы чабуул жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленген.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" курамында Сириядагы күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну бар. Ал Түркияда террордук уюм деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG