Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Президенттик шайлоо качан өтөт?


Президенттик шайлоо качан өтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:26 0:00

Кыргызстанда президенттик шайлоонун убактысы боюнча талашка чекит коюла элек. Парламенттеги КСДП фракциясы шайлоону 15-октябрда өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Мындай демилгенин чыгышына оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын шайлоону ноябрда өткөрүү мыйзамсыз болот деп, август айын сунушташы себеп болду. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо мыйзамга баш иерин белгилеп, күтүү абалында турат. Президенттик шайлоо мөөнөтүнө байланышкан талаш-тартыштын чыгышына эмне себеп болду? Шайлоо убактысынын жаңылыш эсептелиши кандай кесепеттерге алыш келиши мүмкүн? Башкаруучу коалициянын демилгеси колдоо тапса, юридикалык талашка чекит коюлабы? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков катышты.

XS
SM
MD
LG