Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Трамп менен Путин июлда жолугушат


Трамп жана Путин
Трамп жана Путин

АКШ жана Орусия президенттери июлда, Германияда "Чоң жыйырманын" саммитинде жолугушат. Бул тууралуу 10-майда Вашингтондогу маалымат жыйынында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.​ 

- Биз Рекс Тиллерсон менен ал жолугушууга чейин көзгө көрүнөрлүк натыйжа чыгарыш үчүн Сирия жана башка күн тартибиндеги маселелер боюнча кантип алга жыларыбызды сүйлөштүк. Демек кандай гана болбосун алар июлда жолугушат, -  деди орус министри. 

Лавров 10-майда АКШ президенти Дональд Трамп жана мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушкан. Анда Сирия, Украина маселелери, эки өлкөнүн өз ара алакасы талкууланган. 

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн алдыңкы жыйырма өлкөнүн быйылкы саммити 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында өтөт.

 

XS
SM
MD
LG