Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Eurovision-2017: финалисттер аныкталды


Украинанын Киев шаарында 11-май күнү эл аралык Eurovision-2017 ыр таймашынын экинчи жарым финалы болуп, дагы он мамлекеттин ырчылары финалга чыкты. Алар: Болгария, Беларус, Хорватия, Венгрия, Дания, Израил, Румыния, Норвегия, Голландия жана Австрия.

Экинчи жарым финалга 18 өлкө катышты. Төмөнкү сегиз мамлекеттин ырчылары өтпөй калды: Литва, Сан-Марино, Мальта, Сербия, Македония, Ирландия, Швейцария жана Эстония.

Биринчи жарым финал 9-майда болгон. Ага да 18 мамлекет катышып, ону финалга жолдомо алган.

Финал 13-май күнү болот. Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү саналган беш мамлекет - Британия, Франция, Испания, Италия, Германия жана сынакты быйыл өткөрүп жаткан Украинанын ырчылары түз эле финалга чыгат. Ошентип, баш байге - хрусталь микрофон үчүн быйыл 26 ырчы ат салышат.

Мыктылар көрүүчүлөрдүн добушу жана калыстардын баасы менен тандалат.

Eurovision Киевдеги Эл аралык көргөзмө борборунда өтүүдө. Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсыл мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө өтөт.

2016-жылы Швецияда өткөн таймашта украиналык Жамала жеңүүчү болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG