Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынат


Президент Алмазбек Атамбаев "Лотерея жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул мыйзам долбоорго ылайык, жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынат, ошол эле учурда "Мамлекеттик лотереялык ишкана" ишке кирет. Ал Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулат.

Мамлекеттик лотереялык ишкана куруу үчүн өкмөт тарабынан 70 млн сом керектелери буга чейин белгиленген. "Лотерея жөнүндөгү" мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 30-мартта кабыл алган.

Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган.

Бирок кумарпоздукка берилген жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышкан. Алар казинолорго тыюу салынганы менен кумарга берилгендер лотерея ойноого өтүп, бир топ акчасын уттурушканын айтышат.

Расмий маалыматтар боюнча, 2013-жылы көмүскөдө иштеп жаткан отуз казино, кийинки жылы 12 кумаркана кармалган. Алардын дээрлик бардыгынын иши иликтөө баскычында токтотулуп, сотко жеткен эмес.(КЕ)

XS
SM
MD
LG