Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Лион музейинен баалуу 1800 ташы бар таажы уурдалды


Франциянын Лион шаарындагы музейден дээрлик 1800 баалуу таш менен кооздолгон 19-кылымдын таажысы уурдалганын Би-Би-Си жазды. Бул тууралуу музейдин жетекчилиги билдирген. Уурулар музейге 13нөн 14-майга караган түнү кирип, негизги экспонаттардын бирин алып чыгып кеткени айтылат. Жоголгон таажы 1899-жылы баалуу таш жана берметтер менен кооздолуп жасалып, Лиондун ошол кездеги бардар үй-бүлөсүнө белекке берилген. Экспонаттын баасы миллион доллардан ашуун деп көрсөтүлгөн. Музейдин өкүлдөрү таажынын ар бир ташы былтыр каталогго киргизилгенин жана бул жоголгон эскпонатты издөө ишин жеңилдетерин белгилеп жатышат. Уурулар таажы менен кошо шакек жана чөйчөкчөнү алып кетишкен. Музей тергөө-иликтөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG