Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Атамбаев Бээжинде Путин менен жолукту


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак – бир жол” форумунун алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Ушул эле күнү мамлекет башчы Шинжаң-Уйгур автоном районунун Соодо-өнөр жай палатасынын вице-президенти, “Хуалин групп ЛТД” компаниясынын президенти Ми Эньхуаны кабыл алды. Анда Кыргызстанга туристтерди тартуу жана социалдык багытта долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация 13-майда Кытайга барган. Алар Бээжинде “Бир алкак – бир жол” форумуна катышууда. Мунун алдында Атамбаев Кытайдын Жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча мамлекеттик корпорациянын төрагасы Лу Шан менен жолугуп, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин талкуулаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG