Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Орус депутаты Гүлнара Каримованын абалына тынчсызданууда


Орусиянын Хабаровск шаардык думасынын депутаты Өзбекстандын элчилигине кайрылып, мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова тууралуу маалымат берүүсүн талап калды.

AmurMedia сайты тараткан кабарга ылайык, депутат Евгений Смолькин жазган катта Гүлнара Каримова 2013-жылы үй камагына алынгандан бери анын абалы тууралуу ачык маалымат жоктугуна тынчсыздануусун билдирген. Элчиден туңгуч президенттин кызы каерде, кандай абалда экени жөнүндө расмий жооп берүүнү талап кылган.

Смолькин шаардык думага үч апта мурда депутат болуп келген.

Кезинде Гүлнара Каримова Өзбекстандагы эң кирешелүү ишкерликти жана шоу-бизнес тармагын өз колуна алып, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири болчу. Ал эл аралык коррупциялык чуудан улам үй камагына алынган. 2016-жылдын сентябрь айында атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара да, анын балдары да катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG