Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Екатеринбург: кыргызстандык жаран ур-токмоктон каза тапты


Екатеринбург шаары.
Екатеринбург шаары.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарынын Железнодорожный райондук милициясына таянуу менен билдирди. Маалыматка караганда, 13-майдын кечинде шаардагы Черепанов көчөсүнө жакын жерде белгисиз адамдар 24 жаштагы кыргызстандык жаранды сабап кетишкен.

Ал алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапкан. Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу орус укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын маалымдады.

Екатеринбург шаарында 1-майда да 29 жаштагы Кыргызстандын жараны киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө таксинин айдоочусу менен жол киреге байланыштуу пикир келишпестик себеп болгону айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG