Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Швеция Жулиан Ассанж боюнча тергөөнү токтотту


Жулиан Ассанж
Жулиан Ассанж

Айтылуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсүнүн зордуктоо фактысы боюнча айыпталуусуна байланышкан тергөөнү Швециянын башкы прокурору токтотту.

Бул тууралуу Стокгольмдон бүгүн жарыяланды. Башкы прокурор Марианн Ню баштапкы тергөөнү токтотууну сотто Жулиан Ассанждын баш коргоо чарасы кайрадан каралар алдында чечкен.

45 жаштагы Ассанж Швецияга экстрадициялануу маселеси чыккан 2012-жылдан бери Эквадор өлкөсүнүн Лондондогу элчилигинде баш калкалайт.

Бирок Лондон полициясы Швециянын жарыясынан кийин деле эгер Ассанж элчиликтин короосунан чыкса камала турганын эскертти.

Лондон полициясы муну Ассанж кезинде күрөө менен бошотулгандан кийин сотко келбегени, аны камоо тууралуу британ сотунун чечими бары менен түшүндүрүүдө.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү зордуктоо боюнча айыптарды четке кагып келген. Мурда эгер Швецияга экстрадицияланса андан ары Кошмо Штаттарга өткөрүлүп берилемби деген кооптонуусун да билдирген.

Ассанж АКШда дипломатиялык жана аскерий жашыруун документтердин жүз миңдегендерин хакерлик жол менен уурдап, шардана кылганы үчүн сот жообуна тартылышы мүмкүн. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG