Бул тууралуу парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылды:
"УКМК Башкы прокуратура аркылуу Өмүрбек Текебаевдин ишин сотко өткөрдү. Тергөөчүлөр Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго жана алардын жактоочуларына кылмыш иши менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. 26-апрелде Өмүрбек Текебаевге жана анын жактоочусу Чынара Жакыпбековага тергөөчү тиешелүү график каралганын, ага байланыштуу кылмыш иши менен таанышууну 13-майга чейин бүтүрүү керектигин айткан. Тергөөчүлөр жогору жактан келген көрсөтмөдөн чыкпай конституциялык укук менен процессуалдык кодекстин эрежелерин одоно бузушту",- деп жазылган билдирүүдө.
Билдирүүдө 25-апрелден 15-майга чейинки аралыктагы сегиз күн дем алыш жана майрам күндөргө туш келгени белгиленген.
УКМК Текебаев жана Чотоновго байланышкан ишти Башкы прокуратурага 16-майда жиберген.
Адвокаты Чынара Жакыпбекова айыпталуучу Текебаев тарап кылмыш иштин материалдары менен толук таанышууга жетишпей калды, УКМК муну менен одоно мыйзам бузду деп Башкы прокуратурага кайрылышканын билдирди.
Атайын кызмат айыпталуучулар жана адвокаттар Текебаевдин иши менен таанышууну атайлап создуктурушту деп билдирген. (NT)