Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Өзбек президенти Түркмөнстанга экинчи жолу барды


Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухаммедов Ашхабадда жолуккан учур. 6-март, 2017-жыл.
Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухаммедов Ашхабадда жолуккан учур. 6-март, 2017-жыл.

19-20-майдагы визит Шавкат Мирзиёевдин Түркмөнстанга акыркы үч айга жетпеген убакыт ичиндеги экинчи сапары.

Эки өлкөнүн мамлекеттик медиасы кабарлагандай, соода-сатык, инвестиция, транспорт боюнча кызматташтык күн тартибиндеги маселе болмокчу.

Түркмөнстандын мамлекеттик медиасынын кабарларында президенттер Гурбангулы Бердымухаммедов менен Шавкат Мирзиёев Каспий жээгиндеги курорттук Аваза шаарында жолугары айтылат.

Мирзиёев президенттикке шайлангандан кийинки алгачкы чет элдик сапарын Түркмөнстанга жасап, Ашхабадга 6-7-мартта келип кеткен.

Ал бийликке келгенден бери Борбор Азиядагы коңшулар менен алака-катышты оңдоо багытында айрым бир кадамдарды жасады. Казакстанга да эки ирет иш сапары менен барды.

Аймактын калган үч өлкөсү: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандан айырмаланып Өзбекстан менен Түркмөнстан Евразия экономикалык биримдигине, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна да кирбейт. (UE)

XS
SM
MD
LG