Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тууралуу маалымат берилет


Маалымат жыйынын Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий, Кайгуул күзөт башкармалыгынын башчысы Эркин Баев, ИИМдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Азамат Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы М. Усеналиев өткөрөт. Анда жалпы өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, акыркы убактарда көбөйүп жаткан жол кырсыктары тууралуу журналисттерге маалымат берилет.

Брифинг Өкмөт үйүндө болот.

Расмий маалыматтар боюнча жол кырсыгынан жылына миңдей киши набыт болот. Жыл башынан бери 1500 ашуун жол кырсыгы катталса, анын жарымы Бишкекте болгон.

Активисттер жол кырсыгынан күн сайын үч-төрттөн киши өлүп жатканын белгилеп, бийликти чара көрүүгө чакырышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG