Баткен облусунун Кадамжай районунда ууланып, ооруканага кайрылган беш кишинин абалы жакшы. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук оорукананын башкы дарыгери Эркин Апазов кабарлады. Анын айтымында, ооруканага жаткандардын алды бүгүн чыгат.
22-майда беш кишиден турган үй-бүлө мүчөлөрү ооруканага кайрылган. Алдын ала маалыматка караганда, алар тойдон келген эттен ууланган болушу мүмкүн.
18-майда Баткен районунун Бужум айылындагы орто мектепте 7-класста окуган жети кыз ооруканага кайрылышкан. Алар окуучу бала көчөдөн таап алган пиротехника сыяктуу затты күйгүзүп, анын түтүнүнө ууланганы айтылган. (КЕ)