Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Мектептеги уулануунун себеби иликтенүүдө


Иллюстрация (архивдик сүрөт)
Иллюстрация (архивдик сүрөт)

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Балыкчы шаарында белгисиз газдан ууланган балдардын абалы орто.

Шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан бешөө палатага которулуп, дарылоо уланууда.

Министрликтин басма сөз кызматы 12 бала жана эки мугалим ууланганын кабарлаган. Мугалимдер жана бир бала алгачкы медициналык жардамды алгандан кийин үйгө чыгарылган.

Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги №3 мектептин 10 окуучусу ооруканада жатканын, бешөөнүн абалы оор экенин билдирген эле.

Окуя 17-апрелде түшкө жуук болгон. Шаардагы аймактык оорукананын директору Талант Жумагазиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, адистер уулануунун чоо-жайын тактоого аракет кылууда.

Жумагазиевдин белгилешинче, жабыркагандардын көкүрөгү ачышып, аба жетпей, баштары ооруп, жөтөлүп, көзүнөн жаш аккан.

- Булар танаписке чыгып, коридордо турганда башкача жытты сезген. Жөтөл башталып, күчөгөндө бизге кайрылышкан. Ага эмне себеп болгону, кандай газ экени билинбей жатат.

Ал арада Балыкчы шаардык мэриясы маалымат таратты.

"Алдын ала божомолдор боюнча окуучулар өзүн коргоодо колдонулчу газдан (перцовый газ) ууланганын көрсөтүүдө. Жергиликтүү милиция газды ушул эле мектептин окуучусу бейбаштык менен чачкан деген болжолду айткан. Мектептин күзөтчүлөрү окуя болгон учурда имаратта бейтааныш киши болбогонун билдирген. №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 17-апрелде 8-9-10-класстын 14 окуучусу өзүн жаман сезип, көңүлдөрү айланган,"тез жардам" менен ооруканага жеткирилген", - деп жазылган билдирүүдө.

Мэрия окуучулардын экөө ошол эле күнү үйүнө чыгарылганын кабарлады. Ооруканада жаткан он эки окуучунун он бири кыздар.

- Азыр абалдары туруктуу, кечээ эле үйлөрүнө чыгарылмак, бирок бүгүн да дарыгерлердин көзөмөлүндө болсун деген чечим чыгарылган. Мекеме балдар реанимацияда жатат деген маалыматтарды четке какты. Окуучуларды реанимацияга жаткырууга негиз жок. Кээ бирлери башка бөлүмдөрдө орун жок болгондуктан реанимацияга жаткан. Ушул себептен айрым окуучулар травматология жана терапия бөлүмдөрүнө да жайгаштырылган, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG