Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Ажатканада каза болгондордун жакындары өкмөткө кайрылды


Мындан беш жыл мурда "Кара-Суу" базарындагы дааратканада каза болгондордун туугандары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Алар өкмөт башчыдан беш жылга созулган сотко чекит коюп берүүнү талап кылышты. Базардагы дааратканада 34 жашында каза болгон Базаргүл Салиеванын жолдошу Нурлан Ураимовдун айтымында, өкмөт башчы кырсыктан кийин соттук териштирүүлөрдү өз көзөмөлүнө алган.

2012-жылы "Кара-Суу" базарындагы эң чоң менчик ажаткананын тактайы сынып, төрт адам каза болгон. Ал окуя боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Жабырлануучуларга эч кандай кун төлөп берилген эмес. Кырсыкка айыптуу деп табылып, түрмөгө түшкөндөр эки айдан кийин бошонуп кеткен. Ал окуя боюнча сот иши али да аягына чыга элек.(YI)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG