Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...


Ош, "Кара-Суу" базары
Ош, "Кара-Суу" базары

Кара-Суудагы ажаткана кырсыгында жакындары каза болгондор сотторго нааразы. Алардын айтуусунда, соттук териштирүүлөр узакка созулуп кетти.

Жакындары каза болгондордун билдиришинче, окуяга күнөөлүү бир да адам жоопкерчиликке тартылган жок. Эки айыпкердин иши кыскарып кеткен, бири каза болуп калган, биринин соту төрт жылдан бери бүтпөй келет. Ал эми соттор бул ишти жыйынтыктоого убакыт керектигин айтуу менен чектелүүдө.

Кара-Суунун “Туратали” базарындагы ажаткананын кулап кетиши боюнча төрт адамга айып коюлган. Негизги күнөөкөрлөрдүн бири делген ажаткана ээси Муса Апышев кырсыктан аз өткөндөн кийин эле каза болуп калган.

Ажаткананы курууга уруксат берген райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын эки адиси Хабибулла Алижанов менен Сапарбай Атамовду Ош шаардык соту алгач 10 жылга кескен. Бирок алар жасаган иштердин мөөнөтү өтүп кеткендиктен, Жогорку Сот ишти кыскартып, экөөн тең бошотуп жиберген.

"Туратали" базары
"Туратали" базары

Төртүнчү айыпталуучу - Кара-Суу райондук сотунун судьясы Рысбек Жусупов. Ал “ажаткана авариялык абалда турат, бузулуп жаңы салынсын” деген токтомду жокко чыгарып, 2008-жылы аны кайра иштетүүгө уруксат бергендиги үчүн айыпталууда. Бирок ушу кезге чейин бул киши да жоопко тартылган эмес.

Кырсыкта каза болгон Баринса Аманованын бир тууган агасы Касым Аманов буларга токтолду:

-Төрт жылдан бери прокуратурадан да, соттон да бир жыйынтык жок. Мурда сот болуп иштеген Рысбек Жусуповду үч жылдын ичинде процесске бир да жолу алып келишкен жок. Анткени карга карганын көзүн чукубайт дегендей, соттор сотту соттой албай, ссозулуп эле келатат. Ажаткананын ээси Муса Апышев каза болуп калса, эмне мүлк ээсинен эч ким жоопко тартылбай кала береби? Ал кишинин баласы Зарлык Апышевди же жубайы Арзыгүл Төлөнованы жоопко тартыш керек эле, аны да кылышкан жок. Сот, прокурорлор ушулардын бирин да жок дегенде күбө катары сотко катыштыра алган жок. Кырсык болордун алдында, милиция кызматкерлери ажатканага тапанчасын түшүрүп жиберип, анан бетонду тешкени айтылган эле. Төрт жыл ичинде ушул милиция кызматкерлеринин бирин да сотко суракка чакырган жок.

Күнөөлүүлөр качан жооп берет?

2012-жылы катталган кырсыкта төрт киши каза таап, он беш адам жабыркаган. Каза болгондордун үчөө аял, бирөө эркек киши болгон. Ушул төрт жыл аралыгында мерт болгондордун жакындары ал тургай компенсация да алышкан эмес.

Жубайы ажатканада каза болгон Нурланбек Ураимов мындай деди:

- Бул окуяны көпчүлүк кырсык дей берет. Бул кырсык эмес, кенебестиктен болгон окуя. Ажаткана 2008-жылы эле авариялык абалда деп табылган экен. Аны ээлери да билген, бийлик өкүлдөрү да билген. Бирок ошого карабай иштете берип, акыры төрт адамдын өмүрүн жеп тынышты. Канча бала жетим калды. Менин эле төрт балам апасыз чоңоюп жатышат. Эми ушундай кайгылуу окуя болсо да соттор акыйкат чечим чыгарбай, Ош шаардык соту, Ош облустук сотуна шылтап, анысы Жогорку Сотко шылтап эле жылдырып келатышат. Бир да адам жазага тартылган жок, бизге эч ким компенсация бербеди. Биринчи архитектуранын эки кызматкеринин ишин эскиргенине байланыштуу деп кое берип жиберишкен. Эми болсо Кара-Суу районунун мурдагы соту Рысбек Жусуповдун мөөнөтү эскирсе бошотуп жиберебиз, деп атайылап ишти кароону создуктуруп атышат. Демек төрт адамдын өлүмүнө бир да адам жоопкерчиликке тартылбай кала берет экен да...

Жабырлануучулардын айтымында, окуя болгондон бери соттук иш 20-30 жолу жылдырылган. Иш бир облустук сотко, бир шаардык сотко бара берип, алар азыр ишти кимиси карап атканын деле аңдай албай калышкандай.

2011-жылы кырсыктан кийин "Туратали" базарында ушундай биотуалеттер пайда болгон.
2011-жылы кырсыктан кийин "Туратали" базарында ушундай биотуалеттер пайда болгон.

Жабырлануучулардын жактоочусу Абдималик Акматов да соттук кароо чабал жүрүп жатканын билдирди:

- Соттордун аты-жөнүн так айта албайм. Бирок бул ишти тергөө да, соттук кароо да салкын көз карашта өтүп жатканы байкалып атат. Кылмыш иши боюнча мен шаардык сотко бир нече ирет бардым. Процесске соттолуучу өзү келбей коет, же жактоочусу келбей коет. Аларды мажбур иретинде алып келүү боюнча сотко бир нече жолу өтүнүч келтирдик, аныбызды деле уккан жок. Келбей койгондо баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирдик, ал деле мыйзам ченемдүү каралган жок. Ошонун аркасынан кылмыш иши ушу күнгө дейре созулуп келатат.

Маалым болгондой, окуя боюнча үч кылмыш иши козголгон. Бири Хабибулла Алижанов менен Сапарбай Атамов боюнча жазык иши бүткөн болсо, экинчиси Рысбек Жусупов боюнча соттук ишти ким карай турганы жана кайсы күнгө дайындалганы белгисиз.

"Аялына айып коюлган эмес"

Ал эми жабырлануучуларга материалдык жана моралдык чыгымдарды өндүрүү боюнча жарандык ишти алгач Ош шаардык сотунун судьясы Турсунбай Айбатиев караса, эми Шералы Камчыбек деген сот караганы турат.

Ош шаардык сотунун башкы судьясы Жолборс Кудаяров буларга токтолду:

- Ишти биринчи мен караганымда эле, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын адистери Хабибулла Алижанов менен Сапарбай Атамовду кызматына кайдыгер мамиле жасаганы үчүн айыптуу деп таап, 10 жылга кескем. Анан жабырлануучулардын жактоочулары облустук сотто, Жогорку Сотто ушул чечимди жакшы коргой албагандыгынын натыйжасында, Жогорку Сот алардын ишин кыскартып жиберген. Ал боюнча чечимдерди ошо коллегаларымдан барып сурап алгыла. Материалдык жана моралдык чыгым өндүрүү боюнча иш бизде эми каралат. Ал эми ажаткана ээлери боюнча айтсам, тергөө органдары Муса Апышевге айып коюшкан, мен ошол кишини жазага тарткам. Бирок ал киши каза болуп калгандан кийин, анын балдарын сот кылмыш жоопкерчилигине тарта албайт. Анткени тергөө органдары анын баласына же аялына айып койгон эмес.

Ишти таза иликтеп, айыптууларды акыйкат жазалоо өтүнүчү менен жабырлануучулар буга чейин президентке, Жогорку Кеңешке жана Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылышкан. Бирок мындан да жыйынтык болгон эмес.

2012-жылы ноябрь айында түбү сынып кеткен даараткана 40 орундуу болчу. Анын имаратын 2003-жылы маркум депутат Баяман Эркинбаев (аталган базардын ошол кездеги ээлеринин бири) курдурганы айтылууда. Аны 2007-жылы жергиликтүү ишкер Муса Апышев сатып алып, аялы Арзыгүл Төлөнова иштетип келген. Чуңкурунун тереңдиги 5, узундугу 40, туурасы 6 метрдей келген ажаткана бышкан кыш менен курулуп, асты бетон менен жабылган экен. Бирок ошого карабай, адамдарды көтөрө албай калган.

"Кара-Суу" базарындагы каргаша. 4-ноябрь, 2011-жыл. "Азаттыктын" архиви.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG