Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Ажаткана кырсыгына сот да айыпталууда


2012 -жылы "Туратали" базарындагы ажатканада болгон кырсык 4 адамдын өмүрүн алган.
2012 -жылы "Туратали" базарындагы ажатканада болгон кырсык 4 адамдын өмүрүн алган.

Кара-Суунун “Туратали” базарындагы бир жарым жыл мурда болгон ажаткана кырсыгы иликтенип бүтүп, иш сотко өткөрүлдү.

Кара-Суудагы ажаткана окуясы боюнча кылмыш иши окуя катталгандан кийин эле дароо эле козголгон. Азыр ага байланыштуу иликтөө иштери аяктады деп айтылган менен окуя боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болгон жок. Мурда 3 адамга айып коюлуп жатканы айтылса, жаңы маалыматтарда ага дагы райондук соттун судьясы Р.Ж. аттуу жаран кошулганы маалым болду.

Тергөө көрсөткөндөй, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ажатканага 2008-жылы эле эскертүү берип, имараттын абалы талапка жооп бербей турганын айткан. Алар “Туратали” базарында жайгашкан ажаткана тез арада бузулушу керектиги тууралуу атайын чечим да кабыл алышкан.

Мунун негизинде объекттин ээси Муса Апышев айып пул төлөөгө жана жаңы ажаткана курууга милдеттендирилген. Бирок ал мындай чечимге макул болбой, райондук архитектура башкармалыгын сотко берген. Ал эми Кара-Суу райондук сотунун ошо кездеги судьясы Р.Ж. ишти ажаткана ээсинин пайдасына чечип, курулуш өз ордунда кала берсин деген өкүм чыгарган. Андан 4 жыл өткөндөн кийин даараткананын түбү түшүп кетип, 4 адамдын өмүрү кыйылып отурат. Ошол себептүү да бул ишке сот өкүлү, ажаткана ээси жана эки архитектура кызматкери күнөөлөнүүдө.

Кара-Суу районунун баш прокурору Айгүл Момбекова мындай дейт:

Кара-Суу базарындагы кулаган даараткананын орду бүгүн көмүлүп турат.
Кара-Суу базарындагы кулаган даараткананын орду бүгүн көмүлүп турат.
- Кара-Суудагы “Туратали” базарындагы даараткана кулап кетип, 4 адам каза болуп, 12 адам жараат алган. Бул иш боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан иш козголуп, тергелип, тийиштүү адамдарга юридикалык баа берилди. Азыркы учурда иш Ош шаардык сотунда каралып жатат. Кимге кандай айып коюларын сот органдары чечет.

Соттук процесс кайсы күнү болору белгисиз. Прокуратура азырынча мындан башка маалыматтарды ачыкка чыгаруудан оолактоодо.

Бирок тургундар бүткүл өлкөгө дүң эткен кайгылуу окуяга күнөөлүүлөр эмдигиче жазаланбай келатканына нааразы. Кара-Суунун тургуну Адылда Сарыбаев адам өмүрүн алган окуялар тезирээк иликтенип, баа берилиши керек деди:

- Башында кайра-кайра эскертип атышса да болбой, акчага көзү кызарып туалетти иштетип атышты. Акыры эмне болгонун билесиңер. Азыр эми архитекторлорду, даараткананын ээсин айыптап атышат, бир сотту күнөөлөп атат. Бирок жыйынтыгында ушундай бир азаптуу иштин аягына чыгып, күнөөлүүлөр жазасын алыша элек. Эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Өлгөн өзүнүн шору болуп кала берди. Алардын туугандары болсо, ыйлап-сыктап жүрүшөт. Бул эми уят нерсе. Бүгүнкү укук коргоо системасы, сот системасы өзүнүн колунан иш келбей турганын дагы бир ирет көргөздү.

Нурали Атамов.
Нурали Атамов.
4 адамдын өмүрүн алып, 12 адам жапа чеккен каргашадан кийин Кара-Суудагы ажатканалардын баары текшерилип, 10 чактысын бузуу тууралуу тапшырма берилген. Бул тууралуу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчиси Нурали Аматов:

- Кырсык болгондон кийин биз Кара-Суу району жана Кара-Суу шаары боюнча дээрлик бардык ажатканаларды текшерип чыгып, жаптырганын жаптырдык, оңдотууга зарыл болгонун кайра оңдоого тапшырма бергенбиз. Ушу күнгө дейре 10 чакты даараткананы жаап, жаңыдан курулуш зарылдыгын айтканбыз. Айрыкча мектептерде мөөнөтү өтүп кеткен ажатканалар бар экен, алардын баарын жаңыладык,- деп билдирди.

2012-жылы ноябрь айында түбү сынып кеткен даараткана 40 орундуу болчу. Анын имаратын 2003-жылы маркум депутат Баяман Эркинбаев (аталган базардын ошол кездеги ээлеринин бири) курдурганы айтылууда. Аны 2007-жылы жергиликтүү ишкер Муса Абышев сатып алып, аялы Арзыгүл Төлөнова иштетип келген. Чуңкурунун тереңдиги 5, узундугу 40, туурасы 6 метрдей келген ажаткана бышкан кыш менен курулуп, асты цемент менен жабылган экен. Бирок ошого карабай, адамдарды көтөрө албай калган.

Базарада жаңы орнотулган биотуалеттерге элдин ичи чыкпай жатат.
Базарада жаңы орнотулган биотуалеттерге элдин ичи чыкпай жатат.
Азыр ал даараткана бузулуп, орду көмүлгөн. Анын жанына болсо жаңы биотуалеттер курулуп, башка кишилер иштетүүдө. Бирок “Туратали” базарында иштегендер бул ажатканаларга да алымсынбай жатканын Гүлнура Карабаева аттуу тургун айтып берди:

- Өзү бул жерде кырсык, жанагындай жаман окуя болсо, анан ал бузулгандан кийин ордуна дагы бир начар ажаткана куруп коюу бери дегенде элди шылдыңдагандык да. Муну эми экотуалет дейби, биотуалет дейби, ошентип атап коюшат экен. Ичи эми аман эле болсун. Бир эле бул эмес, Кара-Суунун ири базарындагы көпчүлүк дааратканаларда абал ушундай. Маданият ажатканадан башталат дейт, бирок Кыргызстан боюнча эле ушундай туалеттерден башыбыз арылбай жатпайбы.

Борбор Азиядагы ири базарлардын бири саналган Кара-Суудагы ири базарда 5 ажаткана болсо, учурда анын төртөө иштеп атат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG