Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ажатканадан төрт адам ажал тапты


Кырсык баскан дааратканадагы куткаруу иштери. 3-ноябрь, 2012.
Кырсык баскан дааратканадагы куткаруу иштери. 3-ноябрь, 2012.

Кара-Суу базарындагы түбү түшүп кеткен даараткананын чуңкурунан төрт адамдын сөөгү табылды.

Ошентип 3-ноябрь күнү Кара-Суу шаарындагы ири базарда болгон кырсыктан 4 адам мүрт кеткени белгилүү болду. Алардын бири эркек, үчөө аял. Мындан тышкары жабыркаган он эки кишинин бешөө ооруканада жатат. 40 адамга ылайыкталган ажатканадагы кырсыктан кийинки куткаруу-тазалоо иштери 20 саатка созулду.


Капылет келген кырсык


Ишемби күнү саат 14:30 чамасында Кара-Суу шаарынын борбордук
базарындагы коомдук даараткананын асты түшүп кеткен. Окуянын күбөсү жана куткаруу иштерине катышкан Тимур Калыбаевдин айтымында, кырсык күтүүсүз болгондуктан, кишилердин баарын куткарып калууга үлгүрбөй калышкан:

- Саат эки жарым болуп калды эле. Соода кылып отурсам эле дүң деген катуу үн чыкты. Ызы-чуу болуп, адамдар кыйкырып калганынан контейнерди жаап, чуркап барсам, ажатканада кишилер кыкка белчесинен батып калыптыр. Арасында бирөө жаш бала экен. Көпчүлүгү аялдар болчу. Айрымдарын куткардык, кээ бирлерин алып чыгууга мүмкүн болбой калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, өрт өчүрүү кызматынан, милициядан да куткаруучулар жетип келишти. Менин көз алдымда бир аялды бетон басып, чыга албай калды…

Кырсык учурунда дааратканада канча киши болгону так эмес. Айрымдары качып чыгууга үлгүргөн. Сырттагылар 12 адамды куткарып алып, ошол эле замат Кара-Суу райондук ооруканасына жөнөтүлгөн. Алардын ичинен беш киши учурда бейтапканада жатат.

Жабыркагандардын бири, отузадырлык Жаанбай Разаков кырсык тууралуу буларды айтты:

- Мен кирип, эми отурганда эле "гүп" деп, ажаткананын асты түшүп кетти. Мен ошол жердеги темирди кармап калдым. Бир-эки аял дароо эле кыкка чөгүп кетти. Азыр бел жагым ооруп жатат. Кабыргам жабыркаптыр. Ичиме шланг тыгып коюшту…

Набыт кеткендерди табуу оңой болгон жок. Ажатканын асты гана түшүп, дубалдарды кулабагандыктан алгач аны бузууга туура келди. Жыйырма саатка созулган куткаруу-тазалоо иштерине 9 түрдүү техника, алардын ичинде жеке менчик эки автокран жана 60тай куткаруучу тартылды. Ара-арада жарык өчүп, жумушка тоскоолдук да жаратып жатты.

Изделип аткандардын алгачкысынын сөөгү кырсык болгондон 10 саат өткөндөн кийин табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов айтты:

- Алгачкы сөөк түнкү саат 1ден 5 мүнөт өткөндө табылды. Андан соң беш-он мүнөттүн аралыгында кийинки сөөктөр чыга баштады. Акыркы сөөк саат экиден өткөндө табылды. Курман болгондордун жана жабыркагандардын арасында чет өлкөлүктөр жок. Жабыркап ооруканада жаткандардын абалы туруктуу.

Көп өтпөй Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырсыктан каза тапкан төрт адамдын аты-жөнү такталганын жарыялады:

-Ураимова Базаргүл - 1973-ж.т., Ноокат районунун тургуну;
-Аманова Барниса - 1961-ж.т., Кара-Суу шаарынын тургуну;
-Паизова Мендайым - 1958-ж.т., Кара-Суу районунун тургуну;
-Каримов Абдинасир - 1995-ж.т., Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну.

Маркумдардын сөөгү окуя болгондон кийин 10-11 сааттан кийин табылган.

Күнөө кимде?


40 орундуу бул даараткананын имаратын 2003-жылы маркум депутат Баяман Эркинбаев (аталган базардын ошол кездеги ээлеринин бири) курдурганы айтылууда. Аны 2007-жылы жергиликтүү ишкер Муса Абышев сатып алып, ошондон бери аны аялы Арзыгүл Төлөнова иштетип келген. Чуңкурунун тереңдиги 5, узундугу 40, туурасы 6 метрдей келген даараткана бышкан кыш менен курулуп, асты цемент менен жабылган экен.

Ошол жерге жакын ашканада иштөөчү Динара аттуу келиндин айтымында, ажаткананын астынан жарака кеткенине бир топ убакыт болгон. Аны оңдойбуз деп бир жума мурун ээлери жаап да коюшкан экен:

- Жаракасы бар экен, аны оңдойбуз деп үч күн жаап да коюшкан. Анан оңдобой эле кайра иштете башташты. Жаракасы болгон соң биротоло оңдомоюнча ачпаш керек болчу.

Бирок даараткананын ээси Арзыкан Төлөнова мындай билдирүүнү четке кагып, ажатканада мурда эч кандай кооптуу белгилер болбогонун айтты:

- Бир ай мурда санэпидкөзөмөлдөн келип, текшерип кеткен. Алар мага ажаткананы сырдап, актап коюуну айтышкан эле. Мен аларга 15-ноябрга чейин аткарам деп, кагазга кол коюп бергем. Жарака кеткен деген сөз туура эмес, эч кандай кооптуу белгилерди байкаган эмесмин. Бул эми кырсык. Ушундай окуя болоорун билсем, иштетпейт элем да.

Кырсык болгон учурда ажаткананы тегеректеп алган миңден ашуун кишинин көпчүлүгү анын ээсине кине коюшту. Топтолгондор ажаткана бизнеси Кара-Суудагы эң пайдалуу жумуш экенин, кырсык катталган жердин күнүмдүк кирешеси 200 миң сомдой акча болоорун да божомол менен эсептеп жатты.

4-ноябрь күнү адам өмүрү кыйылган жерге вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келип, жабыркагандардын абалын менен таанышты. Бирок жапа чеккендерге жана жакынын жоготкондорго мамлекет тарабынан жардам болор-болбосу айтылган жок. Вице-премьердин тапшырмасына ылайык, кийинки жумадан тарта Кара-Суудагы бардык коомдук жайлардын коопсуздук боюнча абалы текшерилмей болду. Учурда Кара-Суу базары убактылуу иштебей турат.

Кара-Суу базары - Кыргызстандагы экинчи чоң базар. Ага Кыргызстан эле эмес, кошуна өлкөлөрдүн да жарандары тынбай келип турат.



Кара-Суудагы каргашадан сүрөт баян


XS
SM
MD
LG