Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Оштогу ажатканалар качан тазарат?


Ош, Кыргызстан
Ош, Кыргызстан

Мен байыркы Оштун тургунумун. 3000 жылдык тарыхы бар шаарда жашаганым үчүн сыймыктанам. Фейсбук, Одноклассники социалдык түйүндөрүндө "Бишкек жакшыбы же Ошпу?", "Борбордун балатысы коозбу же Оштукубу?" деген элдик сурамжылоо жүргөндө дайыма туулуп-өскөн шаарыма добуш берем. Чынында биздин шаарыбыз жылдан жылга көркүнө чыгып, көчөлөрү да тазарууда.

Бирок... Керемет, туризмдин Мекеси болчу менин шаарымдын бир кемчилиги бар. Дегеним таза ажаткана табуу өтө кыйын. Кээ биринин бут кое турган жери заңга булганып, кээ бири толуп, сыртка агайын деп калган. Азыр кышкысын саңырсып турган немелер, жай саратанда кандай жыт чыгарарын элестете бергиле.

Улуу сөздө уят жок дейт, мен бул ажатканаларга киргенде чыккыча шашам. Атургай мындан үч-төрт жыл мурда Кара-Сууда болгон кырсык эсиме түшүп, коркуп да кетем. Кызыгы жергиликтүү аткаминерлер ушу күнгө чейин ал окуядан сабак албагандай.

Биз го биз көнүп калдык. Бирок байыркы шаарды көрөм деп дегдеп келген туристтер кандай ойдо кетип жатты экен? Бир ирет гид болуп иштеген таанышым Ошко алыстан келген турист аял бир да ажатканага кирбей коюп, айласы кеткенде ээн жерге алып барганын айтып берген эле. Ал аялдын жийиркенип, өз мекенине барганда биздин ажатканалар тууралуу айтканын элестеткенде бетим чымырайт.

Базар, көчөлөрдү кой. Жада калса мекемелердин ажатканалары аман эле болсун дечү деңгээлде. Маселен, Ош шаардык сотунуку. Шаардык канализацияга туташканына карабай, курулгандан бери бир да жолу жуулбаганы көрүнүп турат. Кызыгы кире бериште беш сомдон акча чогулткан аялды отургузуп коюшкан. Далайды титиреткен соттор "акча алганга жараша, таза карма" деп бул эжеге айткандан коркот окшойт деп ойлойсуң кээде.

Ош облустук сотунда да ушундай эле абал. Ош облустук жана шаардык милициясыныкы алардыкынан кем калышпайт. “Менин кадырымды мен кеткенден кийин билесиңер” деген Сүйүн Өмүрзаков ушул гигиена жагына да бир көз салып койсо дегим келет.

Мектеп, бала бакча, коомдук ашкана, кафе, жогорку окуу жай жана базар ичиндеги дааратканалар тууралуу ооз ачпай эле коелу...

Баарынан кызыгы Оштогу санитардык тазалык башкармалыгынын ажатканасы өтө ыпылас экен. Өзүнүкү таза болбосо, башкалардан тазалыкты талап кылганга кандай акысы бар?

Дарыгерлердин айтуусунда, азыр биз кенже класстын окуучуларына тамак бергенибизди, тазаланбаган дааратканалар аркылуу жокко чыгарат экенбиз.

Шаар мэри баш болгон аймактагы жетекчилерди калаадагы ажатканаларга да баш багып турууга чакырат элем. Дагы бир ой келет эмнеге таза, заманбап дааратканаларды куруп, бизнес жасоого болбосун. Кээ бир мамлекетте ачыган кыктан күйүүчү газ да алышат деп угам. Айтор биз маданияттуу болууга да, маданияттуу бизнес баштаганга да умтулбай жаткандайбыз....

XS
SM
MD
LG