Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту болот

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 24-майда Биринчи Май райондук сотунда уланат. 15-майда башталган соттук жараян жактоочунун бош эместигинен улам бүгүнкүгө жылдырылган. Ишти судья Эрнис уулу Айбек кароодо.

Алмамбет Шыкмаматовго «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда аялына таандык автоунааны тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деген айып тагылып келет. Депутатка кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында баш коргоо чарасынын эч жакка кетпөө түрү каралган.
 
Алмамбет Шыкмаматов бул айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG