Линктер

ишемби, 20-январь, 2018 Бишкек убактысы 04:55

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, альянска мүчө өлкөлөр 25-майда "Ислам мамлекети" террор тобуна каршы түзүлгөн эл аралык коалицияга кошулууну макулдашуусу керек.

- Бул НАТОнун терроризмге каршы күрөштү жактай турганын көрсөткөн кубаттуу саясий белги болот, - деди Столтенберг саммиттин алдында.

Анын айтымында, макулдашуу альянстын аскердик операцияларга катышуу планын камтыбайт.

НАТОдогу өлкөлөрдүн айрымдары ушул тапта Ирак менен Сирияда ИМ террордук тобуна каршы күрөшкөн коалицияга өз алдынча мүчө.

Брюсселде өтүп жаткан саммиттеги негизги тема альянстын 28 мүчөсүн коргонуу чыгымдарын мурда макулдашылган деңгээлге көтөрүүгө чакыруу. Дагы бир маселе - терроризмге каршы күрөш.

Бул жыйынга АКШ президенти Дональд Трамп да катышууда.

XS
SM
MD
LG