Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Орусия Тажикстанга "Искандер-М" ракета комплекстерин жөнөтөт


"Искандер- М" тактикалык ракеталык комплекстери.
"Искандер- М" тактикалык ракеталык комплекстери.

Орусия Тажикстанга аскерий машыгуулар үчүн "Искандер-М" тактикалык ракеталык комплекстерин жөнөтөрүн билдирди. Москва мындай аскерий техниканы Борбор Азия мамлекеттерине биринчи жолу жөнөтүп жатат.

Борбордук аскердик округдун командачысы генерал-полковник Владимир Зарудницкийдин бүгүн Екатеринбург шаарынан жасаган билдирүүсүнө ылайык, ракеталык комплекс 30-майдан 1-июнга чейин өтө турган «Душанбе-антитеррор-2017» деп аталган машыгууларда колдонулат.

Бул машыгуу КМШга мүчө мамлекеттердин Террорчулукка каршы күрөшүү борбору тарабынан өткөрүлөт. Орус бийлиги мурдараак Тажикстандагы машыгууларга Түштүк Уралдан Су-24М бомбалоочу учактарын жана Новосибирскиден Ми-24 тик учактарын жөнөткөнүн маалымдаган. Тажикстандагы 201-аскерий базада жети миңдей орус аскерлери жайгаштырылган.

Тажикстан Орусия лидерлик кылган ЖККУ уюмуна мүчө. Ошол эле маалда Дүйшөмбү АКШ менен да аскерий жаатта тыгыз байланышта болуп келет. Өткөн айда Тажикстанга Кошмо Штаттардын борбордук командачылыгын башчысы, генерал Жозеф Вотел келген. Тажик бийликтеринин маалымдашынча генерал өлкөнүн чек ара күчтөрүн бекемдөө боюнча аскерий кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөргө катышкан.

XS
SM
MD
LG