Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Бишкекте ВИЧ-СПИДден каза болгондор эскерилет


СПИДден каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган акция 26-майда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта болот.

Уюштуруучулар бул иш-чара менен коомчулукка ВИЧ-СПИД илдети жөнүндө толугураак маалымат жеткирип, дарт менен жашап жаткан адамдарга мамилени өзгөртүүнү, аларга дарылануу, социалдык колдоо жана башка кызматтарга жеңилдик берүүнү максат кылышууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 7287 адам ВИЧ инфекциясын жуктурган, алардын ичинен 1600 киши бул илдеттен каза тапкан.

Дарыгерлер акыркы убактарда СПИД илдети Кыргызстанда жыныстык катнаш аркылуу жуккан учурлар арбыганын белгилешүүдө. Айрым аймактарда мындай жол менен оору жуктургандар 80% чейин жеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл өткөн сайын ВИЧ илдетин жуктуруу көбөйүп жатканын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG