Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Астана мунай өндүрүү көлөмүн азайтууну жактайт


Астана мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча келишимдин узартылышын кубаттайт. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматтарга караганда, Казакстан бул келишим боюнча мунай өндүрүүнүн күнүмдүк көлөмүн 20 миң баррелге азайтат.

“Казакстан буга чейин ОПЕКтин алдындагы милдеттенмелерин аткарып келген. Өлкөдө бир суткада орто эсеп менен 1,673 миң баррель мунай өндүрүлөт жана акыркы эки айда азыноолак өсүш болду. Май-июнь айында өндүрүш көлөмү азайып, жалпысынан жарым жылдыкта милдеттенме толугу менен аткарылат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Бейшембиде ОПЕК жана мунай өндүргөн бирок ага мүчө эмес башка өлкөлөр өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу боюнча буга чейинки келишимди тогуз айга узартууга макулдашкан. Ага ылайык, жалпы мунай көлөмү 1,8 миллион баррелге азайды жана мындай ыргак келерки жылдын март айына чейин созулат.

Жаңы макулдашуу жарыялангандан кийин мунайдын баасы төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG