Орусиянын Москва шаарынын Мещан райондук соту теракт уюштурууну көздөгөн деп шектелип жаткан төрт адамды 26-майда эки айга камады. Алардын үчөө Өзбекстандын, бири Орусиянын жараны экени белгилүү болду.
Буларга кылмыш иши "теракт уюштуруу аракети, террордук уюмдарга катышуу, жардыргыч зат жана курал-жаракты мыйзамсыз даярдоо" беренелерине ылайык козголгон.
Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы шектүүлөр өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун мүчөлөрү экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, кармалгандар Москванын коомдук транспортунда теракт жасоого камынган, аларга буйрук Сириядан келип турган.
Өткөн айда Санкт-Петербургдагы метродо жасалган теракт 16 адамдын өмүрүн алган. Орус бийлиги аны Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Орусиянын жараны ишке ашырган деп жарыялаган.
Бул окуяга тиешеси бар деген шек менен Борбор Азиядан чыккан 10 чакты киши камакка алынган.